Веложарыш өтө турган жолго токтогон унаа спортчуларды жабыркатты. Видео

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүВелоспорт. BMX Чемпионат России
Велоспорт. BMX Чемпионат России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи болуп унааны BMC командасындагы Брент Букуолтер кагып, ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Улуу Британияда өткөн масштабдуу Tour of Britain аталышындагы веложарыш өтчү жолдун жээгине токтоп алган унаа спортчуларга тоскоолдук жаратканын The Telegraph жазды. 

Бул окуя болгон учурда тартылып алынган видео YouTube каналына жүктөлдү.

Бодибилдер приземлился на голову и умер — кадры смертельного сальто - Sputnik Кыргызстан
Сальто жасайм деген бодибилдер желкеси менен түшүп көз жумду. Секириктин видеосу
Анда көрүнүп тургандай так бурулушка токтоп алган унаадан биринчилерден болуп кетип бара жаткан велосипедчен буйтап өтүп кетүүгө жетишсе, орто чендеги спортчулар машинага урунган.

Маалыматка карганда, биринчи болуп унааны BMC командасындагы Брент Букуолтер кагып алган. Мээси чайкалган спортчу учурда ооруканада. Калган жабырлануучуларга жеринен жардам көрсөтүлүп, велосипеддери алмаштырылган соң, жарыш уланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0