Түркия: кыргызстандык кызды сабап жолго таштады делген кишинин соту ноябрга жылды

© AFP / DAMIEN MEYERСтатуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции
Статуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин сот акыркы өкүмдү 7-сентябрда чыгарары маалымдалган.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Түркияда Кыргызстандык кызды сойкулукка мажбурлап жана мыкаачылык менен сабады деп шектелген 49 жаштагы түрк жараны боюнча сот отуруму Антальяда 7-сентябрда уланганын Haberler маалымат сайты жазып чыкты.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
12 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды делген дарыгерди министрлик текшерет
Эске салсак, 2016-жылдын декабрь айында Анталья — Коркутели унаа жолунда катуу сабалып, эсин жоготкон кыз табылган. Аталган окуядан кийин шектүү катары эки киши кармалган. Алардын бирөө кызды сойкулук үчүн саткан деп айыпталса, экинчи жаран аны сабап жолго таштап кеткен делинүүдө.

Басылманын билдиришинче, сотко котормочу аркылуу көрсөтмө берген 23 жаштагы кыргызстандык кыз аны 49 жаштагы шектүү жаран сабап, кордук көрсөткөнүн айткан. Бирок шектүү жаран айтылгандардын жалган экенин белгилеп, төрт баласы бар экенин, мындай аракетке барбаганын кошумчалаган.

Тараптардын жана жактоочулардын пикирин уккан сот ишти 3-ноябрда улантуу чечимин кабыл алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0