Күндүн сырткы катмарында дагы бир жарылуу болду

© AP Photo / David ZalubowskiЗакат солнца в США
Закат солнца в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жаратылыштын бул кубулушунун кесепетин так айтуу мүмкүн эмес

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бүгүн күндүн сырткы катмарында дагы бир ирет майда жарылуу болгондугун РФтин Илимдер академиясынын Физикалык институтуна таянып РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, бул жарылуу кубаттуулугу жагынан эң жогорку болуп эсептелген X классына кирди.

Антарктида. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар Антарктидадагы муз алдынан 91 вулкан тапты
Мурдараак Илимдер академиясынын өкүлү жерде 4-5 баллга жеткен магниттик бороон болорун билдирген. Бирок акыркы маалыматтарга караганда анын күчү айтылгандан 10 эсеге жогору болуп турат.

Россиянын Илимдер академиясынын маалыматы боюнча, күн астомферасындагы алгачкы жарылуулар 4-сенбярь күнү башталган. Андан кийинки эки жолкусу 6-сентябрь күнү катталган.

Окумуштуулардын пикири боюнча акыркы үч күндө күндүн бетинде өзгөрүүлөргө ылайык бүгүнкү жарылуу мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Учурда жаратылыштын бул кубулушунун кесепетин так айтуу мүмкүн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0