Симоньян АКШ конгрессменине курч жооп кайтарды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүИнтервью главы МИД РФ С.Лаврова радиостанциям "Спутник", "Эхо Москвы" и "Говорит Москва"
Интервью главы МИД РФ С.Лаврова радиостанциям Спутник, Эхо Москвы и Говорит Москва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демократ Дэвид Сисиллине жума күнү россиялык RT каналы АКШда чет элдик агент катары каттоодон өтүшү керек деген идеяны көтөрүп чыккан

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Америкалык ЖМКлардын Россиядагы ишмердүүлүгүн эч ким чектебейт. Мындай оюн "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги жана Russia Today каналынын башкы редактору Маргарита Симоньян АКШ конгрессмени Дэвид Сисиллиненин идеясына өз пикирин билдирип жатып айтканын РИА Новости жазды.

Жума күнү  конгрессчи россиялык RT телеканалынын чет өлкөлүк агент катары АКШда каттоодон өтүшү  керектигин айткан.

"Конгрессмендин бул демилгесине Москвада каалагандай, жайбаракат иштеп жүргөн америкалык ЖМКлар кандай көз карашта болду экен? Анткени аларды буга чейин эч ким чет өлкөлүк агент катары каттоодон өткүлө деп мажбурлаган эмес", — деди Симоньян.

Жаңылыктар түрмөгү
0