Сауд Аравиясы азырынча Катар менен кепке келбей турганын айтты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Катар
Страны мира. Катар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиясы Катар дагы деле олуттуу диалогго даяр эмес деген оюн билдирүүдө

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Сауд Аравиясы Катар менен бардык диалогдорду токтотуп тураарын падышачылыктын ТИМинин атын атабаган өкүлү билдирген. Бул туурасында SPA агенттигине шилтеме берип РИА Новсти жазды.

Страны мира. Катар - Sputnik Кыргызстан
Төрт араб мамлекети Катарга болгон ультиматум мөөнөтүн узартты
SPA агенттигине Катар эмири Тамим бен Хамад Аль Тани жана Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салман Аль-Сауддун ортосундагы телефон менен сүйлөшүүсү жөнүндө маалымат чыккандан кийин бир саат өтүп-өтпөй эле ушундай билдирүү жасалды.

Катардагы QNA маалымат агенттиги эки лидер ортосундагы маек АКШ президенти Дональд Трамптын суранычы менен болгондугун жазган.

SPA маектеши телефондогу сүйлөшүү боюнча билдирүү жасаган Катар бийлиги маалыматты туура эмес берип койгонун айтты.

Ал эми Сауд Аравиясынын өкүлү телефондогу талкуу төрт өлкө тарабынан коюлган ультиматум боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгүсү келген Катардын өтүнүчү менен ишке ашканын билдирген.

"Мунун баары Катар дагы деле олуттуу диалогго даяр эместигинен жана мурдагы эле терс саясатын жүргүзүп жатканынан кабар берет", — деген SPA агениттигинин маектеши.

Белгилей кетсек, 5-июнда Сауд Аравиясы, Бириккен Араб эмирлиги, Бахрейн жана Египет Доха менен болгон дипломатиялык мамилесин токтоткон.  Себеби алар Катарды террорчулукту колдогон жана алардын ички ишине кийлигишкен деген кине коюшкан. Кийин Доха менен болгон мамилесин бир катар мамлекеттер да үзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0