"Ирма" бороонунан улам Флориданын 270 миң тургуну жарыксыз калды

© REUTERS / STRINGERПоследствия урагана "Ирма" в США
Последствия урагана Ирма в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаратылыш кырсыгы болгон аймактан миңден ашык киши коопсуз жайга авиациянын жардамы менен көчүрүлгөн

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Американын Флорида штатындагы 270 миң тургун "Ирма" бороонунан улам жарыксыз калганын РИА Новости агенттиги Florida Power & light компаниясына таянуу менен билдирди.

Тропический шторм Харви в Техасе - Sputnik Кыргызстан
АКШ: кабарчы түз эфир учурунда унаасы менен чөгүп бараткан адамды куткарып калды
Ага ылайык, калк жыш жайгашкан Майами-Дейд аймагы жабыркаган.

"Ирма" бороонуна төртүнчү деңгээл ыйгарылып, анын ылдамдыгы саатына 210 чакырымга чейин жетүүдө. Учурда ал Флорида-Кис аймагына саатына 9 чакырым менен жакындап келе жатат.

Жаратылыш кырсыгы болгон аймактан миңден ашык киши коопсуз жайга авиациянын жардамы менен көчүрүлгөн.

Белгилей кетсек, август айынын аягында АКШнын Техас аймагында "Харви" бороону болуп, миллиарддаган чыгымдарды алып келген. Ал эми азыркы "Ирма" бороону "Харвиден" да күчтүү жана кыйратуучу күчкө ээ экенин адистер баса белгилешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0