Apple компаниясы 10 жылдыгына карата өзгөчө смартфон чыгарат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүiPhone телефону. Архив
iPhone телефону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Apple компаниясы жаңы смартфондорун 12-сентябрда коомчулукка алып чыгат

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Apple компаниясынын чыгарган смартфондорунун эң акыркы үлгүсү iPhone X деп аталат. Бул туурасында РИА Новости Bloomberg порталына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Специальная ограниченная серия смартфонов iPhone 7 и iPhone 7 Plus - Sputnik Кыргызстан
Apple компаниясы кызыл түстөгү iPhone 7 сатыкка качан чыгарын жарыялады
Аталган компания мындан сырткары, iPhone 8 жана iPhone 8 Plus деген үлгүдөгү телефондорду чыгарат. Алар дизайны боюнча мурунку версияларынан анча өзгөчөлөнбөйт. Болгону процессорунун кубаттуулугу менен айырмаланат.

Ал эми iPhone X — толук түрдө башкача дизайн менен чыгып, жаңы функциялар киргизилет.

Телефондун аталышы компаниянын 10 жылдыгына байланыштырылып коюлган.

Ошондой эле Apple компаниясы жаңы смартфондорду жана Apple Watch аталышындагы кол сааттарды 12-сентябрда коомчулукка алып чыгат.

Айрым ЖМКлардын билдиришине караганда iPhone X смартфонунун баасы миң доллар болушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0