Россиялык модель дүйнөдөгү эң узун буттуу айым деп табылды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүРоссиялык модель жана баскетболчу Екатерина Лисина. Архив
Россиялык модель жана баскетболчу Екатерина Лисина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык моделдин бою 205 сантиметр, ал эми бутунун узундугу 132 сантиметрге жетет.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Россиялык модель жана баскетболчу Екатерина Лисина дүйнөдөгү эң узун буттуу айым деп табылып Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу британиялык The Telegraph басылмасы билдирди.

Модель Гиннестин рекорддор китебине үстүбүздөгү жылдын январь айында арыз бергенин Instagram баракчасына жазган.

"Мен бул күндү январь айынан бери күтүп жаткам. Бул мода дүйнөсүн өзгөртүп, дагы да жогорку даражага чыгарарына ишенем! Гиннестин рекорддор китебине кирүү мен үчүн чоң сыймык", — деп жазган Лисина.

Doll house again😂😂😂 #tallmodel #tallgirls #tallestwoman #tallgirlsbigfeet #longlegs #longlegs

Публикация от Ekaterina Lisina🇷🇺 (@ekaterina_lisina15) Мар 10 2017 в 1:27 PST

Россиялык моделдин бою 205,74 сантиметр, ал эми бутунун узундугу 132 сантиметрге жетет. Мындан сарткары ал дүйнөдөгү эң узун бойлуу модель болуп саналат.

Екатерина Лисина Россиянын баскетбол боюнча курама командасы менен 2008-жылы Пекин Олимпиадасында күмүш медалды багындырган. 2007-жылы дүйнө чемпионатында күмүш, ушул эле жылы европа биринчилигинде алтын медалга ээ болгон. Спорттук карьерасын 2014-жылы жыйынтыктаган. Андан бери моделдик чөйрөсүндө эмгектенип келет. Учурда 29 жашта.

Жаңылыктар түрмөгү
0