БУУнун коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга карата жаңы санкцияларды кабыл алды

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүСаммит государств – членов Совета Безопасности ООН по ядерному разоружению и нераспространению
Саммит государств – членов Совета Безопасности ООН по ядерному разоружению и нераспространению - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документке ылайык, Түндүк Кореяга мунай заттарын ташып кирүүгө чектөө коюлду

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. БУУнун коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын экспорт жана импорт боюнча мүмкүнчүлүктөрүн чектеген жаңы санкцияларды киргизди. Тиешелүү резолюция Нью-Йоркто дүйшөмбү күнү кечинде кабыл алынганын РИА Новости жазып чыкты.

Баллистическая ракета KN-08 Северной Кореи напоказе в Пхеньяне. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
АКШ баштаган үч мамлекет Түндүк Кореяны кантип ооздуктоону сүйлөштү
Документке ылайык, Түндүк Кореяга мунай заттарын ташып кирүүгө чектөө коюлду. Ошондой эле чийки мунай боюнча да чектөө киргизилип, анын көлөмүy өткөн 12 айдагы көрсөткүчтөн жогорулатпоо талабы коюлду. Мындан сырткары, суюлтулган газ сатып алууга жана текстилдик өндүрүштү сатууга тыюу салынды.

Резалюцияда БУУнун коопсуздук кеңеши алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү колдой турганы жана аны жандантууга даярдыгы жазылган. Мындан сырткары, мамлекеттерди тынчтыкты сактоого жана бардык меселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө күч-аракеттерди жумшайт.

Мындай документти АКШ жекшемби күнү кечинде жарыялаган. Маалыматта мындан да катаал чаралар даярдалганын, анда мунайды ташып кирүүгө толук түрдө тыюу салуу жана өлкөнүн лидери Ким Чен Ынга санкция киргизүүнү сунуштаган.

Ал эми жаңы санкциялардын алдында Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги жооп иретинде "АКШ буга чейин болуп көрбөгөндөй абалга кептелерин" айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0