Маймыл менен соттошкон фотограф акыры жеңип чыкты

© AFP / ASHRAF SHAZLYЗоопарктагы маймыл. Архив
Зоопарктагы маймыл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул иш соттук териштирүүнүн тарыхындагы ондогон жылга созулган эң күлкүлүү процесс болуп калды.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Британиялык фотограф Дэвид Слейтер маймыл өзү селфи кылган сүрөттөргө акыры автордук укук алды. Бул туурасында РИА Новости жаныбарларды коргоо боюнча PETA уюмунун сайтына шилтеме кылып жазды.

Тараптар кепке келип, фотограф сүрөттүн ээси болуп таанылып, бирок түшкөн каражаттын 25 пайызын жаныбарларды коргоо боюнча кайрымдуулукка которо турган болду.

"PETA менен Дэвид Слейтер макулдашты. Негизи эле бул иш жаныбарларга көбүрөөк укук берүү маселесин көтөрдү", — деп айтылат уюмдун тараткан маалыматында.

Жаныбарларды сүрөткө тартууга адистешкен фотограф Слейтердин аты 2011-жылы Индонезияга барганда дүйнөгө дүң болгон. Аталган аймактагы корукта фотоаппаратын жана штативин даярдап коюп, бир нече мүнөт алаксый калганда, Наруто деп аталган маймыл техникаларды шап көтөрө качкан. Ал даяр турган фотоаппарттын сүрөткө тарта турган жерин бир нече ирет баскылап, өзүн тартууга жетишкен.

Деятельность полицейских Индии - Sputnik Кыргызстан
Индия токоюнда маймылдар менен жашаган кыз табылды
Жылмайган маймылдын өзүн тарткан сүрөт, тагыраагы селфи дүйнөгө тарап кетип, Wikimedia Foundation уюму аны бекер пайдаланууга укук берген баракчасына жайгаштырган. Слейтердин каршылыгына редакторлор "сүрөттүн автору сиз эмес, маймыл" деп жооп беришкен.

Мындай жооптон улам соттук териштирүүлөр башталып, анда сүрөттүн ээси деп Наруто маймылды тааныш керектигин, сүрөттү пайдалангандыгы үчүн маймылга акча төлөө керек деген талаптар айтылган. Зоологдор маймылды адам болбогондугу үчүн эле автордук укуктан ажыратып коюуга болбойт деп чыгышкан.

Ал эми фотоаппаратын жулдуруп жиберген Слейтер камера менен штатив анын менчиги экендигин, техниканы тартканга өзү даярдагандыгын, маймыл болгону "чырк" эттирип койгондугун айтып чырылдаган.

Фотограф селфи жасаган Наруто эмес, Элла деген ургаачы маймыл экендигин айтып, сотко да сүрөттөгү эмес, башка маймыл берип жаткандыгын айткан.

Бул иш соттук териштирүүнүн тарыхындагы ондогон жылга созулган эң күлкүлүү процесс болуп калды. Отурумга ага кызыккан көптөгөн студент-юристтер, жөн гана бул окуянын жүрүшүн көрүүгө ынтызар болгондор келген. Сот учурунда залдан каткырыктар көп чыгып, ал тургай судьялар да күлүп жибербей араң чыдап отургандыгын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0