БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Түндүк Корея БУУнун Коопсуздук кеңешинин жаңы резолюциясын тааныбай турган жар салды. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн тараткан Борбордук телеграф агенттигине таянып РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга карата алтынчы ирет жасалган өзөктүк сыноосунан кийин санкциялык режимди катаалдаткан. Ага ылайык, Түндүк Кореяга мунай заттарын ташып кирүүгө чектөө коюлду. Ошондой эле чийки мунай боюнча да чектөө киргизилип, анын көлөмүн өткөн 12 айдагы көрсөткүчтөн жогорулатпоо талабы коюлду. Мындан сырткары, суюлтулган газ сатып алууга жана текстилдик өндүрүштү сатууга тыюу салынды.
"Резолюция АКШ тарабынан ыплас ыкмалар менен жасалмаланган. Мындай аракетти Түндүк Корея кескин сынга алып, "2375 резолюциясын" тааныбайт", — деп айтылат маалыматта.
Өлкө ТИМи "мыйзамсыз резолюциянын кабыл алынышы" Түндүк Кореянын туура жолду тандап алганын дагы бир ирет айгинелей турганын баса белгилеген. Билдирүүдө Пхеньян өлкө суверенитетин коргоо жана аймактагы коопсуздукту сактоо үчүн АКШ менен тең укуктуулукка жетишүү жолу менен буга чейинки аракеттерин күчөтөрү жазылат.Түндүк Корея 3-сентябрь күнү баллистикалык ракеталарды жабдый турган зарядды ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн айткан. Япония менен Түштүк Кореянын аскерлери заряддын кубаттуулугун 120-160 килотоннага жетерин божомолдошту. Бул 1945-жылы Япониянын Хиросима менен Нагасаки шаарларына ташталган атом бомбаларынан бир нече эсе чоң. Андан бир жума мурун Пхеньян Япониянын аймагынан учуп өткөн баллистикалык ракетасын сынап көргөн.
БИШКЕК, 19-янв. – Sputnik. Австралиянын 111 жашка толгон тургуну Декстер Крюгер январда туулган күнүн белгилеп, жашоо образы тууралуу айтып берген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ага ылайык, Крюгер "дем алгыла, күнүнө үч маал тамак жесеңер убакыт билинбей өтө берет" деп тамашалаган.
Ал адатка айлантып алган тамактануусу тууралуу да бөлүшө кеткен.
"Ырдаганды жакшы көрөм. Күн сайын алты даана креветка жейм. Ошондой эле кечки тамакка балыктын бир түрү кошулган суюк тамак ичем", — деген ал.
Крюгер тамашаны жакшы көрө турганын айтып, жашоодогу ар кандай кырдаалдан юморду колдонуу менен чыгып кетерин баса белгилеген.
Ал өмүр бою фермада иштеп, 86 жашынан тарта китеп жаза баштаганын айткан. Азыркы тапта анын ырлары жана эскермелери камтылган 12 жыйнагы чыккан.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Болгарияда кош бойлуу келин коронавируска антителосу бар бөбөк төрөдү. Бул туурасында улуттук радионун сайтына маалымат жарыяланды.
Пазарджик шаарынын 28 жаштагы тургуну ооруканага эти катуу ысып, жөтөлүп жана алы кетип түшкөн. Аны бир курс дарылагандан кийин ак халатчандар баланы операция жолу менен жарыкка алып келишкен.
Азыр бөбөктүн абалы жакшы экендиги айтылды. Ал эми антигендик тест бөбөктө коронавируска каршы антитело бар экендигин көрсөткөн. Эне-бала үйүнө чыккандан кийин да дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.Ымыркайдын салмагы 2,75 килограмм, ал эми бою 46 сантиметр экени айтылды.