Дүйнөдөгү эң кары панда өлдү

© AFP / STR Басы аттуу дүйнөдөгү эң кары панда
Басы аттуу дүйнөдөгү эң кары панда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басы 1980-жылы Сычуань облусунун Баосин уездинде туулган. Ушул жылдын январь айында ал 37 жашка толмок.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кытайдын Фучжоу облусунда Басы аттуу дүйнөдөгү эң кары панда өлдү. Бул тууралуу РИА Новости чоң пандаларды иликтөө борборунун маалыматына таянып кабарлады.

Басы 1980-жылы Сычуань облусунун Баосин уездинде туулган. Ушул жылдын январь айында ал 37 жашка толмок.

Басыга чейин Гонконгдо Цзяцзя аттуу 38 жаштагы панда бар болчу. Бирок аны былтыркы жылы атайын дары берип өлтүрүшкөн.

Кытай дал ушул сейрек кездешкен бамбук аюуларынын мекени деп эсептелип, мындан улам өлкө аларды дайыма өзгөчө коргоого алып келет. Ошондой эле панда Кытайдын символу болуп да саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0