Адистер антилопалардын жоголуп баратканы тууралуу коңгуроо кагууда

© Sputnik / А. Соломонов / Медиабанкка өтүүАнтилопа үйүрү. Архив
Антилопа үйүрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы 15 жылда антилопалардын саны кескин кыскарып, ал тургай кээ бир жерлерде 50-55 пайызга азайган.

БИШКЕК, 15-сен. – Sputnik. Африкадагы антилопалар аталган аймактагы элдин көбөйүшүнөн жана ага аңчылыктын күчөшүнөн улам жер жүзүнөн азайып бара жатат. Бул туурасында РИА Новости Жаратылышты коргоо боюнча эл аралык союздун маалыматына таянып кабарлады. 

Акыркы 15 жылда бул жаныбарлардын саны кескин кыскарып кеткен. Ал тургай кээ бир жерлерде 50-55 пайызга азайган. Бул туурасында Кызыл китепти түзүүчүлөр коңгуроо кагып жатышат.

Ак илбирс – тоолордун падышасы - Sputnik Кыргызстан
Тоо падышасы – ак илбирс
Мындай абалдан улам бир канча антилопалар жоголуп бара жаткан жаныбарлардын тизмесине кескин киргизилип, тезинен чара көрүү каралган.

Андан сырткары, адистер АКШнын токойлорундагы теректерди тез ылдамдыкта курт жеп баратканын кабарлаган.

Учурда Кызыл китепке жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн 87 миңге чукул түрү киргизилген. Маалыматта алардын 25 миңге чукулу жер жүзүнөн жоголуу кооптуулугунда турат. Кызыл Китепти түзүү учурунда флора, фаунанын 860 түрү жок болуп кеткен. Дагы 68 түрү зоопарк менен коруктарда гана калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0