БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Дүйнө боюнча курсагы тоё тамак жебей кыйналган кишилердин саны 815 миллион кишиден ашканы БУУнун гуманитардык беш уюмунун докладында жазылганын РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
Жалпысынан алганда ачкачылыктан жабыркагандардын саны он жыл аралыгында азайган. Бирок акыркы убактардагы аскердик кагылышуулар, климаттын өзгөрүшү алардын санын кыйла көбөйткөн.
Докладдагы маалыматка ылайык, балдар арасында курсагы тойбогондордун саны бир топ төмөндөгөн. 2005-жылдан бери салыштырып алганда өз курагына бою жана салмагы туура келбеген балдардын саны 29,5 пайыздан 22,9 пайызга чейин азайган. Ошентсе да 2016-жылга алынган маалымат боюнча жашына бою туура келбеген балдардын саны 155 миллионго жетет. Бул ар бир төртүнчү баланын бою жашына туура келбейт дегенди түшүндүрөт.Ошол эле учурда былтыркы жылдагы маалыматка ылайык, ашыкча салмактан жапа чеккен балдардын саны 41 миллионго жетип, жалпы бөбөктөрдүн 6 пайызын түзгөн. Бул көрсөткүч 2005-жылы 5 пайыз болчу.
Балкондун кармагычына колун созгон бөбөктү жанында отурган мышык кадимкидей тыйып, кадам сайын "тартипке чакырып" жатканын көрүүгө болот.
Тили чыга элек бала балкондун кармагычына колун созуп, асылгысы келип, бирок ага жанында периште сымал кайтарып отурган мышык "жол бербей" жатканы четте турган кишинин ичин жылытат. Агала мышык "максатына жетүүгө тоскоол болгонун" түшүнгөн сымал, бөбөктүн бөлмөнүн башка тарабына кетип бара жаткан учуру менен видео аяктаган.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстан Токио Олимпиадасынан үч медаль утууну пландап жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Канат Шабданбаев айтканын агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүн, 27-январда, мекеменин коллегиясы өтүп, ага вице-премьер Эльвира Сурабалдиева жетекчилик кылган.
"Азыркы тапта олимпиадалык оюндарга чейин биздин спортчулардын лицензиялык мелдештерге катышуусу турат. Жалпысынан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууга жетишүүнү максат кылганбыз. Олимпиада оюндарында үч медаль алуу ниетибиз бар. Паралимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча 3 лицензиядан кем эмес жана Паралимпиада оюндарында бир байгелүү орунга жетебиз деп пландаштырып жатабыз", — деген ал.
Кыргызстанда учурда Олимпиада оюндарына жалпысынан алты лицензия бар. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков, кыздар күрөшүнүн дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүк спортчулар Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая, ошондой эле суучул Денис Петрашов лицензия утуп алышкан.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратованын чоң кызы Айыманын да мойнунун омуртка сөөктөрү сынганы аныкталды. Бул тууралуу ырчы өзү Instagram баракчасына жазды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал кыргызстандыктардан кызынын батыраак айыгып кетишин тилеп, дуба кылып коюуну сурап кайрылган.
"Айламды таппай турган кезим. Кызым белим дей берип, моюндун омуртка сөөктөрү сынганын эми көрүп жатабыз. Бир капталы кыймылдабай жатат. Элим, дуба кылалы. Аллахтан жардам, сиздерден жардам сурайм! Ушундай колдоо керекте жалгызсыратпаңыздар, суранам!" — деп кайрылды ырчы.
Эске салсак, Анжелика Кайратова 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо үч кызы болгон. Дарыгерлер беш жаштагы кызынын эки бутунун тең кашка жиликтери сынып, ырчынын өзүнүн омурткалары жабыркаганын айткан. Экөөнө тең операция жасалган. Ал эми эки кызынын абалы туруктуу экени кабарланган болчу.