Facebook тармагындагы тажатма посттордон кутулуунун жолу табылды

© REUTERS / Dado Ruvic / IllustrationЛоготип социальной сети Facebook
Логотип социальной сети Facebook - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми айрым колдонуучуларды достуктан чыгарбай туруп, алардын постторунан 24 саат, бир жума же бир айга кутулуга жол ачылды

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Facebook социалдык тармагы жаңылыктар түрмөгүнөн айрым достордун билдирүүлөрүн жашырып кое турган Snooze функциясын тестирлөөдөн өткөрүп жаткандыгын Techcrunch порталы жазды.

"Эмгек өргүүдө жүргөн досуңдун посттору же жаңы бренд тууралуу маалыматтар тажаттыбы? Эми сизге Snooze жардамга келет" — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, эми айрым колдонуучуларды достуктан чыгарбай туруп, алардын постторунан 24 саат, бир жума же бир айга кутула турууга болот.

​Жаңы функция качан ишке кирери боюнча так маалымат айтылбаганы менен Techcrunch порталынын журналисттерине Facebook компаниясынан анын тестирлөөдөн өтүп жатканын тастыкташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0