Нигерияда холера оорусу күч ала баштады

© AP Photo / Sunday AlambaНигерияда холера вирусуна каршы күрөшүү. Архив
Нигерияда холера вирусуна каршы күрөшүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда оору жаңыдан башталгандыктан, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кырдаалды көзөмөлгө алган

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Нигерияда акыркы бир нече ай ичинде холера оорусу болушу мүмкүн делген 2,6 миң учур жана 48 кишинин өлүмү катталган. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун серепчиси Доминик Легростун айтымында, учурда Нигерияда оору жаңыдан башталгандыктан, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кырдаалды көзөмөлгө алды.

"Биз канча болсо ошончо адамды эмдөөгө аракет кылабыз. Ошондо биздин уюм качкындар үчүн лагерлер менен кошуна райондорду кошкондо жалпы 900 миңге чукул адамды эмдей турган болду", — деди Легрос.

Ал ошондой эле Нигерияда холера оорусуна каршы эмдөө дүйшөмбү күнү башталганын кошумчалап кетти.

Холера — ичегинин жугуштуу оорусу. Анда адам кусуп, ичи өтүп, алы кетет. Убагында жардам көрсөтүлбөсө өлүмгө алып келиши ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0