АКШ Sputnik радиосунун президенттик шайлоого таасир берген-бербегенин иликтейт

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүSputnik радиосунун студиясы. Архив
Sputnik радиосунун студиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конгрессмендердин катында АКШнын саясаты менен президенттик шайлоосуна таасир этүү үчүн радио өз жыштыгы аркылуу туура эмес маалыматтарды таркаткан деген шек бар экендиги белгиленген

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Америкалык үч конгрессмен Федералдык байланыш комиссиясынын жетекчиси Аджит Паюга 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого Sputnik радиосунун таасири тийген деген маалыматты иликтөөгө алуу сунушу менен кат жөнөттү. 

Катта АКШнын саясаты менен президенттик шайлоосуна таасир этүү үчүн радио өз жыштыгы аркылуу туура эмес маалыматтарды таркаткан деген шек бар экендиги белгиленген. Анткен менен эч кандай далилдер келтирилген эмес.

"Эгер чындап эле Sputnik радиосу АКШга терс таасир тийгизүү үчүн Россия өкмөтүнө иштеп жаткан болсо, анда маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамдар бузулуп жатат", — деп катта белгиленген.

Вторые предвыборные теледебаты в США - Sputnik Кыргызстан
Трамптын Клинтонду "жыга чапкан" видеосу жарыяланды
Анткен менен конгрессмендер Вашингтондогу 105,5 FM жыштыгындагы Sputnik радиосу президенттик шайлоодон жарым жыл өткөндөн кийин обого чыкса, шайлоого кантип таасир этиши мүмкүн деген башкы суроого аргумент келтире алышкан эмес. Тагыраагы, Sputnik радиосу аталган аймакта ишмердүүлүгүн 2017-жылдын 1-июлунда баштаган. Ал эми АКШнын президенттик шайлоосу 2016-жылдын 8-ноябрында өткөн.

Конгрессмендер комиссияга "Sputnik радиосу коомчулуктун кызыкчылыгына каршы келбейби", "эгер мындай маалыматтар жок болсо иликтөө иштери башталабы" деген сыяктуу суроолорду узаткан.

Мындай кат ФБР Sputnik радиосунун мурдагы кызматкерин суракка алып, редакциянын ички каттары текшерилгенден кийин пайда болгон. Бюронун мындай аракеттери Россияда дагы, АКШда дагы сынга кабылып, ЖМК эркиндигинин принциптеринин бузулуп жатканы айтылган.

Россия өз учурунда АКШнын атайын кызматтарынын айыптоолорун четке кагып келет. RT жана Sputnik агенттиктеринин башкы редактору Маргарита Симоньян мындай айыптоолордун баары негизсиз экенин билдирсе, Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков аталган агенттиктердин атын каралоого багытталган аракет жүрүп жатканын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0