Морган Фримен "Россиянын АКШга кол салганы" жөнүндөгү роликке тартылды

© AP Photo / Chris PizzelloАмерикалык актер Морган Фримен. Архив
Америкалык актер Морган Фримен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актер Россияны демократиялык мамлекеттерге кибер чабуул жасап, "пропаганда" жүргүзүүгө айыптаган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Америкалык актер Морган Фримен "Россияга каршы иликтөө комитети" деп аталган роликке тартылды. Видеодо Москва СССРдин урап калышына "өч" алгысы келип жатканы айтылган. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

"Бизге кол салуу болду. Согуш жүрүп жатат", — деп кадрдагы Фримен билдирген.

Sputnik радиосунун студиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ Sputnik радиосунун президенттик шайлоого таасир берген-бербегенин иликтейт
Ал элге "КГБ агентинин" бүлүнгөн мекени үчүн өч алуу максатында президент болгону тууралуу "тасманын сценарийин" сунуштаган. Бул учурда видеодон Россия лидери Владимир Путин менен постсоветтик Россиянын кадрлары көрсөтүлүп, Фримен АКШ бул адам үчүн "негизги душман" экенин айткан.

Актер Россияны демократиялык мамлекеттерге кибер чабуул жасап, "пропаганда" жүргүзүүгө айыптаган. Роликтин акырында Фримен Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трампка кайрылып, "Россия шайлоого таасир эткени" тууралуу "чындыкты" айтууга чакырган.

"Эркин дүйнө биздин лидерликке муктаж болуп турат", — деп актер сөзүн жыйынтыктаган.

Тасма "Россияга каршы иликтөө комитети" долбоорунун алкагында тартылган. Уюмдун сайтына эксперттик кеңештин курамындагы ысымдар жазылган. Алардын арасында режиссер Роб Рейнер, АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын мурдагы жетекчиси Жеймс Клэппер, Эл аралык мамилелер боюнча кеңештин илимий кызматкери Макс Бут жана Норм Орнштейн менен Чарльз Сайкс аттуу саясат таануучулар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0