Сак бол! Android системасындагы вирус банк картасындагы маалыматтарды уурдай алат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүВирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах
Вирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган вирус Android, Linux, Windows жана iOS системасынын бардык версияларын жабырката алат

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Android операциялык системасынын башкаруусундагы мобилдик аппараттардан жаңы вирус табылды. Ал банк картасындагы маалыматтарды уурдоого жөндөмдүү. Бул тууралуу РИА Новости "Лаборатория Касперского" компаниясына шилтеме берип жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, вирус банктык тиркемелерди колдонуу учурунда өз алдынча скриншот кылууга жөндөмдүү. Кийин ал маалыматтар алдамчылардын колуна барып түшөт.

"Лаборатория Касперского" компаниясынан маалымдашкандай, вирус менен күрөшүү өтө оор. Анткени программаны жок кылууга багытталган аракеттердин бардыгына блок коюлуп калууда.

Буга чейин Armis Labs компаниясынын адистери вирус Bluetooth аркылуу аппаратка кирип кетүүгө жөндөмдүү экенин аныктаган.

BluBorne аталышына ээ болгон вирустук программа кибер чабуулга ылайыкталган, ал аркылуу маалыматтарды уурдоого болот. Аталган вирус Android, Linux, Windows жана iOS системасынын бардык версияларын жабырката алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0