Ким Чен Ын Трамптын алжыганын айтып, ага сөөмөй кезеди

© REUTERS / KCNAЛидер КНДР Ким Чен Ын
Лидер КНДР Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак үй президент Дональд Трамптын дипломатиядан четтеп сүйлөшүнүн негизги себеби — Ким Чен Ынга "өз үнүн" жеткирүү аракети экенин айтты

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШ президенти Дональд Трампты зөөкүр жана гангстер деп атап, ал эми анын БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүн акылга сыйгыс деп баалады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Мурдараак Трамп Түндүк Корея АКШга коркунуч жарата турган болсо, аны толугу менен жок кыларын айткан.

Ал эми жума күнү Ким Чен Ын Трамптын БУУдагы сөздөрүнө Түндүк Корея суутек бомбасын сыноо менен жооп берет деп сөз берди.

"Бул жөн гана сөздөр эмес. Трамп жанагындай "жалындуу" сөздөрдү сүйлөп жатканда кандай жооп күттү болду экен деп ойлонуп жатам. Америкалык алжыган немеге эки эселеп жооп берем", — деди Ким Чен Ын.

Ал ортодо Ак үй президент Дональд Трамптын дипломатиядан четтеп сүйлөшүнүн негизги себеби — Ким Чен Ынга "өз үнүн" жеткирүү аракети экенин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0