Америкада мугалим мектептин 30 миң долларын казинодо уттуруп жиберди

© Sputnik / Екатерина Лызлова / Медиабанкка өтүүКазино. Архив
Казино. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган каражат мектепте бал уюштуруу жана экскурсия үчүн керектелмек

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. АКШнын Мичиган штатынын Мэйкомб шаарындагы мектептин мугалими окуу жайдын 30 миң долларын казиного уттуруп жибергенин New York Post басылмасы жазып чыкты.

Джекпот лотереи Powerball - Sputnik Кыргызстан
Америкада медайым лотереядан 758 миллион доллар утуп алды
Ага ылайык, 29 жаштагы Лидия Кристин Жонсон Dakota High School мектебинде математика жана испан тилинен сабак берчү. Андан сырткары, ал мектептеги коомдук иш-чараларды уюштурууга милдеттүү болчу. Андыктан ал мектептин бюджетиндеги акчаларды көзөмөлдөөгө укугу бар экени айтылат.

Казиного барган мугалим мектептин акчасынан тышкары жалпысынан 90 миң долларды уттуруп жиберген.

Эгер анын күнөөсү аныктала турган болсо 10 жылга кесилиши ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0