Мужчина делает селфи. Архивное фото

Индияда селфи жасап жаткан элчинин телефонун колунан жулуп кетишти

138
(жаңыланган 13:14 23.09.2017)
Полиция телефон чырын документтештирип, азыр колу туткакты издеп жаткандыгын айтышты.

БИШКЕК, 23-сен. – Sputnik. Украинанын Индиядагы элчиси Игорь Полиха Делинин борборунда селфи жасап жатканда телефонун жулдуруп жиберген. Бул туурасында РИА Новости калаанын полициясына шилтеме кылып кабарлады. 

Окуя туристтер арасында белгилүү болгон байыркы чептин урандылары калган, азыр мамлекеттик майрамдар өткөрүлгөн жерде болгон.

"Элчи селфи кылып жатканда телефонун колунан жулуп кетишти. Ууру аппаратты алды да артын карабай качты", — деп билдирген шаардын полициясы.

Тартип сакчылары телефон чырын документтештирип, азыр колу туткакты издеп жаткандыгын айтышты.

138
Белгилер:
полиция, селфи, Украина, Индия, Дели
Тема боюнча
Россиянын Судандагы элчисинин сөөгү бассейнден табылды
Парижде уурулар 97 жаштагы кемпирдин 300 миң евролук буюмдарын уурдап кеткен