Кытайда робот дарыгер биринчи жолу адамдын тишине имплант койду

166
(жаңыланган 00:03 02.10.2017)
Роботту иштеп чыккандар жетишпеген дарыгерлердин ордун толуктап турууну көздөөдө

Кытайда робот-стоматолог биринчи жолу адамдын тишине имплант койду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан South China Morning Post басылмасына таянып жазды.

Роботту иштеп чыккандар жетишпеген дарыгерлердин ордун толуктап турууну көздөөдө.

"Операция учурунда медициналык кызматкерлер иш процессти көзөмөлдөп турушту. Робот имплантты бир сааттын ичинде салып бүтүрдү. Серепчилер операция ийгиликтүү өткөнүн белгилешти", — деп жазылат маалыматта.

Акыркы маалыматтар боюнча Кытайда 400 миллионго чукул адам жаңы тишке муктаж. Аны менен катар тишке жасалган бардык операциялар ийгиликтүү болбой, айрымдар кайра оңдотууга мажбур болгон учурлар кездешет. Инженерлер менен медиктер тажрыйбалуу тиш доктурга караганда робот ишин мыкты жана сапатуу жасаарын айтышууда.

166
Белгилер:
тиш, робот, операция, Кытай
Тема боюнча
Кытайда бийге түшкөн миңден ашуун робот дүйнөлүк рекорд койду