РФтин БУУдагы өкүлү: Афганистанда болжол менен 7 миңдей согушкер бар

© AFP / WAKIL KOHSARГлава "Талибана" скончался в Афганистане
Глава Талибана скончался в Афганистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Афганистанда баңги заттарын эккен аянттардын көбөйүп жана баңгизаттарды өндүрүүнүн өсүп жатканын адистер айтышууда

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Афганистанда болжол менен "Ислам мамлекетинин" жети миңдей мүчөсү бар. Бул туурасында РИА Новости Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензяга таянып кабарлады.

Ал аталган өлкөдө террордук аракеттердин активдешүүсүнө жана аскерий абалдын деградацияланып кетишине тынчсыздануу жаралып жатканын айтты.

"Бизди көбүрөөк түйшөлткөнү — "Ислам мамлекети" террордук уюмунун Афганистандагы канаты жана алардын өлкөнүн түндүк провинцияларын басып алууга болгон аракети. Колдо болгон маалыматтарга караганда, учурда өлкөдө жети миңден ашуун согушкер жүрөт, бул бир топ эле сан", — деди Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жатып.

Ислам мамлекети террористик уюмунун согушкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
ЖККУ: согушкерлер Сирия, Ирактан Афганистанды көздөй кетип жатат
Россиялык дипломат "террорчуларга көмөк көрсөтүп, Афганистандын түндүгүндө учуп жүргөн белгисиз тик учактар" туурасындагы маселени көтөрдү. Ал мындай маселеге көз жуумп, унчукпай коюуга болбостугун баса белгиледи.

"Муну кылдаттык менен карап чыгыш керек, ал эми буга окшогон жашыруун жасалган аракеттин жолун токтоосуз түрдө бууш керек", — деди Небензя.

Анын айтымында, Россияны тынчсыздандырып турган дагы бир жагдай — Афганистанда баңгизаттарын эккен аянттардын көбөйүп жана баңгизат өндүрүүнүн өсүп жатышы.

"Наркодиллерлер киршесинин арбын бөлүгүн, болжол менен 35-40 пайызын аталган өлкөгө калтырып кетип жатышат", — деди дипломат.

Афганистандагы кооптуу кырдаал соңку бир айдан бери курч бойдон калууда. "Талибан" радикал кыймылы буга чейин бир топ аймактарды басып алып, ири шаарларга дагы чабуулун баштаган. Ошондой эле өткөн жылга салыштырмалуу өлкө аймагында "Ислам мамлекети" террордук тобунун таасири он эселеп өскөнү айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0