Төлгөчү. Архивдик сүрөт

Москвада төлгөчү кемпирдин 150 миң рублин көчөдөн алдап кеткен

159
(жаңыланган 17:23 02.10.2017)
Төлгөчү кемпирге жаман илдет жабышканын айтып, баштык салынган акчага "дуба окуп берем" деген.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Москвада төлгөчү менен анын кызы пенсионердин 150 миң рубль акчасын алдап кеткен. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

75 жаштагы кемпир укук коргоо органдарына берген көрсөтмөсүндө аны көчөдөн алдап кетишкенин билдирген. Ал аялдамада турганда чоочун аял жанына келип ага жаман илдет жабышканын айткан. Аны дубалап жандыруу үчүн баштыкка акча салып келүүсүн сураган.

Мындан улам кемпир үйүнө барып айтылган сумманы алып келген. Ошол убакта ары жактан бир кыз келип төлгөчүнү аябай мактаган. Анан алар "дуба окулду" деп акча салынган баштыкты кайра кемпирдин колуна карматкан. Бирок дуба жазылып кетпеши үчүн тогуз күн өтмөйүн ачпай туруусун айтып, кетип калышкан. Пенсионер үйүнө келгенде баштыктын ичи бош чыккан.

Буга шектүү жарандар полиция тарабынан колго түшүрүлүп кылмыш иши козголду. Алар Ленинград облусунан келген мурда соттолгон 62 жаштагы аял жана анын 20 жаштагы кызы болуп чыккан.

159
Белгилер:
акча, алдоочулук, төлгөчү
Тема боюнча
Астанада "сүйлөшкөн" кызын досуна 150 долларга сатып жиберген жигит соттолду
Пикирлер