Афганистандагы америкалык учак. Архивдик сүрөт

АКШнын аба күчтөрү жаңылып Афганистанда жай тургундарды бомбалады

391
(жаңыланган 21:20 28.09.2017)
Аталган факты боюнча тергөө амалдары башталды

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Американын аба күчтөрү Афганистанда жаңылыштык менен жай тургундарды бомбалап алганын Пентагон мойнуна алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Окуя Кабулдагы аэропорттун аймагындагы согушкерлерге каршы аракет көрүү учурунда болгон.

"Афганистандын коопсуздук күчтөрүнө жардам берген АКШ күчтөрү авиа сокку жасашкан. Тилекке каршы, ракеталардын бири мээлеген бутага тийбей, жай тургундарды жабыркатты. "Чечкиндүү колдоо" тобу келтирилген зыян үчүн өкүнүп жатканын билдирет", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча тергөө амалдары башталды.

Буга чейин Афганистандын ЖМКлары өлкөнүн ички иштер министрлигине таянуу менен ракета соккусунан улам бир киши каза болуп, төртөө жаракат алганын билдирген. Ал ортода Tolo News телеканалы Кабулдагы аэропорттун аймагында болгон чабуулда жалпысынан 20дан 30га чейин ракета атылганын кабарлаган.

391
Белгилер:
абадан сокку, согушкер, сокку, АКШ, Афганистан
Тема боюнча
РФтин БУУдагы өкүлү: Афганистанда болжол менен 7 миңдей согушкер бар
Пикирлер