Кытайда аял лифттен төрөп, ал видеого түшүп калды

Жазылуу
Аял экстремалдуу шартта төрөгөнүнө карабай ымыркай жабыркаган эмес

Кытайда кош бойлуу келин төрөтканадагы палатага жетпей лифтте төрөгөнүн The Daily Mail басылмасы билдирди.

Больница Делафонтейн в Сен-Дени возле Парижа - Sputnik Кыргызстан
Кытайлык аял ымыркайын баштыкка салып курьерден балдар үйүнө берип ийди
Аталган окуя Шаньдун провинциясындагы Вэньшань аймагындагы ооруканада болгон. Ымыркайдын төрөлгөн учуру камерага түшүп калган. Видеодо көрүнгөндөй лифтеги кишилер аны бошотуп, кош бойлуу келин менен акушерди калтырышкан. Дарыгер төрөттү кабыл алары менен башка кесиптештери аял менен ымыркайды дароо палатага алып кетишкен.

Басылманын билдиришинче, аял экстремалдуу шартта төрөгөнүнө карабай ымыркай жабыркаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0