Трамп Испаниянын премьерин президент дегени аз келгенсип фамилиясын да чаташтырды

© REUTERS / JOSHUA ROBERTSАКШнын президенти Дональд Трамп Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой менен болгон жолугушуу учурунда
АКШнын президенти Дональд Трамп Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой менен болгон жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ президенти Дональд Трамп Испания премьерин президент деп атап алгандан кийин социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан сынга кабылды

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой менен болгон жолугушуусунда аны бир нече ирет президент деп атап алган. Бул тууралуу New York Daily News басылмасы жазып чыкты.

Лидер КНДР Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан
Ким Чен Ын Трамптын алжыганын айтып, ага сөөмөй кезеди
Маалымат жыйын учурунда америкалык лидер журналисттерге Рахойду тааныштырып жатып, аны Испаниянын президенти деп атап алган. Видеодо көрүнүп тургандай, Мариано Рахой "президент мырза" деген сөздү угар замат Трампка бурулуп, аны тиктеп карап калган. ЖМК өкүлдөрү Рахой премьер экенин эскерткенине карабастан, Трамп ага "президент мырза" деп кайрылууну уланткан.

Кийинчерээк АКШ башчысы премьердин фамилиясын социалдык тармактагы баракчасына туура эмес жазып койгон.

​"Испаниянын президенти Марианор Жойду кабыл алуу мен үчүн сыймык. Түндүк Кореянын режимин изоляциялоо үчүн жасап жаткан аракеттерибизди колдоп жатканына ыраазычылык билдирем", — деп жазган Трамп.

​Рахойдун кызматы испанча расмий түрдө Presidente del Gobierno деп аталат. Ал сөзмө сөз "өкмөттүн президенти" деп которулат. Бирок бул нерсе Рахойду президент деп атоого болот экенин билдирбей турганы басылмада белгиленген.

Америка лидери мындай кебинен кийин социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан катуу сынга кабылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0