АКШ: бала бакчадагы бөбөк тапанча менен жанындагы балдарды атып алды

Жазылуу
Ок жеген кичинекейлер учурда оор абалда ооруканада жатат

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бала бакчадагы бөбөк колуна кокустан тийип калган тапанча менен жанындагы эки баланы атып алган. Бул туурасында РИА Новости Американын Детройт шаарынын полициясына таянып билдирди. 

Окуя Дирборн шаарчасында болгон. Ок жеген кичинекейлер үч жашта болгондугу айтылууда.

"Иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктарына караганда, балдардын биринин колуна кокусунун тапанча тийип калган. Бөбөк колундагы курал менен жанындагы эки баланы катуу жарадар кыла аткан", — деп жазылган полициянын маалыматында.

Азыр ок жеген кичинекейлер оор абалда ооруканада жатат.

Ок атылган имаратта жашы жете элек дагы бир канча балдар болгон. Полиция алардын оозунан болгон окуянын угууга аракет кылган. Анан сырткары, балдарды караган аял да суракка алынган.

Азырынча бул кырсыкка боюнча эч кимге күнөө тагыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0