Францияда футбол беттеши учурунда күйөрмандар трибунадан жыгылды

© AFP / FRANCOIS LO PRESTIФанаты упали с трибун на матче "Амьеном" и "Лиллем" во Франции
Фанаты упали с трибун на матче Амьеном и Лиллем во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык "Амьен" жана "Лилль" клубдарынын ортосунда беттеш болуп жаткан учурда болгон

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Күйөрмандардын тобу Франциянын жогорку дивизионунун сегизинчи турунда болуп жаткан оюн учурунда трибунадан кулап түштү. Бул тууралуу Goal басылмасы өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыкты.

Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Неймары, барсыңбы? Бразилиялыктар жаш таланттарды издейт
​Оюндун 15-мүнөтүндө коргоочу Фоде Балло "Амьен" клубунун дарбазасына гол киргизген. Буга кубанган күйөрмандар секиришкенде, темир тосмо аларды кармай албай сынып кеткен.

Башкы калыс 16-мүнөттө оюнду токтотууга аргасыз болуп, кийин оюн уланган эмес. Акыркы маалыматка ылайык, 29 киши түрдүү жаракаттарды алган.

AFP маалымат агенттигинин билдиришинче, окуянын чоо-жайын Амьен шаарынын прокуратурасы иликтейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0