Австрияда бетти жапкан кийим кийүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүГорода мира. Касабланка
Города мира. Касабланка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Австриянын бардык аймактарында аялдардын бетин толук жапкан кийим кийүүгө жана дарыгердин көрсөтмөсү жок медициналык беткап тагынып жүрүүгө тыюу салган мыйзам 1-октябрдан тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Мыйзамды бузгандарга 150 евро айып пул салынат.

Кыргызские национальные виды украшений - Sputnik Кыргызстан
Кийим-кечеге карата айтылган 12 "болбойт"
Документте мусулман аялдардын паранжа, чадра жана никаб аттуу кийимдери гана эмес бетти жаап жүргөн нерселердин бардыгына тыюу салынган. Майрам күндөрү костюмдарды кийүү дагы мезгилге жараша болот. Андай кийимдерди Хэллоуин сыяктуу майрамдарга гана кийүүгө уруксат берилет.

Тыюу салуу медициналык беткаптарга дагы тиешелүү. Мындан ары дарыгердин көрсөтмөсү жок беткап тагынып алгандарга айып пул салынат.

Кыштын күнү моюн орогуч менен бетти жаап алууга да болбойт. Себеби, ал документте көрсөтүлгөн нормага туура келбейт. Суукта моюн орогуч менен бетти кантип жаап жүрүү керектигин австриялыктар ушул кышта сынап көрүшмөкчү, себеби бул боюнча так аныктама жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0