Голландиялык фермердин өзгөчө күлкүсү журналисттин боорун эзди

Жазылуу
Журналист тарабынан узатылган суроолордун бирине фермердин күлкүсү келип каткырганда, андан үй канаттуусунун кыйкырыгына окшогон үн чыккан.

Голландиялык RTV Noord телеканалынын журналистинин тоок баккан фермер менен болгон интервьюсу маектешинин өзгөчө күлкүсүнөн улам үзгүлтүккө учураган.

Крыса до смерти напугала кота и его хозяина — смешное видео - Sputnik Кыргызстан
Келемиш адам менен мышыктын эсин чыгарды. Күлкү келтирген видео
Бул окуянын фрагменти телеканалдын Facebook тармагындагы расмий баракчасына чыкты.

Видеодон журналист тарабынан узатылган суроолордун бирине фермердин күлкүсү келип каткырганда, андан үй канаттуусунун кыйкырыгына окшогон үн чыкканын көрүүгө болот. Бир маалда ары жактагы тооктор фермерге жооп бергендей кыйкырганда журналисттин боору эзиле күлүп, өзүн токтото албай калган.

Аталган видео жазылманы Facebook тармагынан эле эки күндүн ичинде 200 миңден ашык адам көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0