Рохинджа мусулмандарын терроризмге күнөөлөгөн Мьянма сулуусу таажысынан ажырады

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети Instagram пользователя shwe.eain.si
Снимок с социальной сети Instagram пользователя shwe.eain.si - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн аптада 19 жаштагы модель рохинджа элинин өкүлдөрүн терроризм жана зомбулукка айыптаган видеоролик тарттырган

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Мьянманын эң сулуу бийкечи Шви Ян Си рохинджа мусулмандарын терроримзге күнөөлөгөндөн кийин таажысынан ажырап калгандыгын The Independent басылмасы жазды. 

Публикация от Si (@shwe.eain.si) Сен 30 2017 в 10:42 PDT

Өткөн аптада 19 жаштагы модель рохинджа элинин өкүлдөрүн терроризм жана зомбулукка айыптаган видеоролик тарттырган.

Official swimsuit shoot #missgrandmyanmar2017 #missgrandinternational

Публикация от Si (@shwe.eain.si) Сен 18 2017 в 6:28 PDT

Анда ал Мьянма мусулмандары байкуш болуп көрүнгөнү менен чындыгында согушкерлер деген пикирин билдирип, бийлик аларга туура мамиле кылып жатат деп айткан.

Teaser to an official photoshoot

Публикация от Si (@shwe.eain.si) Июл 20 2017 в 6:02 PDT

Мындан соң сулуулук сынагын өткөргөн уюм бийкечтин мындай кадамдары келишимдин бузулушуна алып келгенин айтып, наамын артка кайтарып алды.

Ракхайн штатындагы рохинжа мусулмандары менен будда динин туткан бирмалыктардын ортосундагы карама-каршылык ондогон жылдардан бери уланып келет. Мьянмадагы бийлик жарандык өкмөткө өтүп, демократиялык реформалардын башталышы менен ортодогу кагылышуу кайрадан күч алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0