Роухани: Трамптын ону келсе да Иран өзөктүк курал келишиминен баш тартпайт

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүИрандын президенти Хасан Роуханинин архивдик сүрөтү
Ирандын президенти Хасан Роуханинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иран жана РФ, АКШ, Улуу британия, Кытай,Франция, Германия иран атому боюнча көп жылдан бери келе жаткан көйгөйдү жөндөө боюнча тарыхый макулдашууга келишкен.

БИШКЕК, 8- окт. — Sputnik. Иран лидери Хасан Роухани АКШ президенти Дональд Трамп да, башка он Трамп келсе да Тегерандын өзөктүк куралдар боюнча келишимдерден алган пайдасынан ажырата албастыгын айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Президент (Дональд Трамп) да, андай он Трамп келсе да, бизди "аракеттердин биргелешкен бардык пландарынан" ажырата албайт", — деген Роухани Тегеран университетинде окуу жылынын башталышына карата сүйлөгөн сөзүндө. Бул маалыматты Tasnim агенттиги таратты.

Парад вооруженных сил в Тегеране - Sputnik Кыргызстан
Иран баллистикалык ракета сынады
Иран жана эл аралык ортомчулардын "алтылыгы" (РФ, АКШ, Улуу Британия, Кытай, Франция, Германия) 2015-жылдын 14-июлунда иран атому боюнча көп жылдан бери келе жаткан көйгөйдү жөндөө боюнча тарыхый макулдашууга келишкен.

"Аракеттердин биргелешкен бардык пландары" кабыл алынып, аны аткаруу буга чейин Иранга БУУнун коопсуздук кеңеши, АКШ жана Евробиримдик тарабынан салынган экономикалык жана финансылык санкцияларын алып салышын шарттаган.

План 2016-жылдын 16-январдан тарта иштей баштаган. Трамп аталган макулдашуудан чыгууну ойлонуп жатканын жана башка катышуучулар чыгуу ниетинде деген пикирин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0