Цирктеги аюунун балдардын көзүнчө машыктырган ээсине кол салган видеосу

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЦирк аренасындагы аюу. Архив
Цирк аренасындагы аюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаалданган аюу көшөгө артынан чуркап чыккан жардамчыдан таяк жеп, жоошуп калды

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Сыктывкар шаарында циркте оюн жүрүп жаткан учурунда аюу балдардын көзүнчө машыктырган ээсин кол салды. Бул туурасында "360" телеканалы билдирген.

Окуя Коми республикасынын борбор калаасына гастролдоп барган "Меланж" труппасынын оюну учурунда болгон. Видеону окуянын күбөлөрү интернетке жайгаштырган.

Эл алдында чыгып, оюн көрсөтүп жаткан аюу капыстан эле машыктыруучунун көзөмөлүнөн чыгып кетип, аны көздөй атырылып, аз жерден басып кала жаздаган. Бул учурда көшөгөнүн артында турган анын жардамчысы аюну таяк менен бир урган. Жаныбар дароо эле жоошуп, аткарып жаткан оюндарын уланткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0