Австралиялык аял өз колу менен тирүү акула кармап алды. Видео

© AFP / LOIC VENANCEАкула в океанариуме Ле Круазик на западе Франции
Акула в океанариуме Ле Круазик на западе Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узундугу бир метрге жеткен акулага аялдын боору ооруп, океанга кое бериш үчүн суудан алып чыккан.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Австралиянын тургуну Мелисса Хатейер Мельбурндан алыс эмес жерде бухтада сууга түшүп жатып өз колу менен акула кармап алган. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Узундугу бир метрге жеткен акулага аялдын боору ооруп, океанга кое бериш үчүн суудан алып чыккан.

"Мен анын артынан акырын сүзүп барып, секирип туруп кармадым. Тиштеп албасын деп мойнунан алдым. Андан соң бухтанын чекесине алып келип, кое бердим", — деген каарман аял.

Ал ошондой эле суу жырткычын кармаганда жүрөксүбөгөндүгүн, коркпогонун айткан.

Бухта — деңиз, океан, көлдүн арал, жээк же жар менен тосулган кичине бөлүгү.

Жаңылыктар түрмөгү
0