Теле алып баруучу Андрей Малаховдун архивдик сүрөтү

Андрей Малахов өзүнүн телекомпаниясын ачты

472
(жаңыланган 11:56 17.10.2017)
Буга чейин Малахов "Россия 1" телеканалында "Прямой эфир" программасын алып барып келген

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Теле алып баруучу Андрей Малахов өзүнүн жеке телекомпаниясын негиздеди. Бул туурасында РИА Новости StarHit журналына таянып кабарлады.

Журнал Малахов телекомпаниясын "ТВ Хит" деп атап, бир нече теле долбоорлорду алып чыгарын жазган.

Андан сырткары, аталган телекомпаниянын уставдык капиталынын 50 пайызы Малаховго, ал эми калганы продюсер жана медиаменеджер Александр Митрошенковго тиешелүү экендиги айтылган.

Буга чейин Малахов "Россия 1" телеканалында "Прямой эфир" программасын алып барып келген. Алып баруучу Росссиянын Биринчи каналында 25 жыл иштеген.

472
Белгилер:
телеканал, Андрей Малахов, Россия
Тема боюнча
Чикимбарумбей! 90-жылдардагы хиттер: аткаруучулар азыр кайда
Дима Биландын "Beliеve me" ыры жаш ырчы Айдиндин аткаруусунда
Ооруканада жаткан киши. Архив

Армения менен Азербайжандын чыры: калк арасында өлгөндөр бар

22
(жаңыланган 16:38 27.09.2020)
Маалыматка караганда, адамдар жашаган бир нече аймактарда, атургай Карабахтын борбору деп эсептелген Степанакерт шаарында дагы учкучу жок учуучу аппараттар аркылуу аткылоо болгон.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасындагы атышуулардан улам эки жаран каза таап, 50дөй киши жаракат алды. Бул тууралуу республиканын акыйкатчысына шилтеме берип Sputnik Армения агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, адамдар жашаган бир нече аймактарда, атургай Тоолуу Карабахтын борбору деп эсептелген Степанакерт шаарында дагы учкучу жок учуучу аппараттар аркылуу аткылоо болгон.

“Эки киши каза таап, 50 киши жабыркады. Алардын арасында балдар жана аялдар бар. Инфраструктура талкаланды”, — деп айтылат кабарда.

Украинада аскер учагы кулады. 23 адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

Эске салсак, өткөн түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Эки өлкөнүн аскерлеринин Карабахтагы атышуусуна тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады.

22
Белгилер:
өлүм, атышуу, Чыр-чатак, Азербайжан, Армения
Тема боюнча
Армения менен Азербайжандын чатагы. Тараптардын бири аскердик абал жарыялады
Россиянын Москва облусундагы жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн кулашы

Россияда көпүрө урап, 49 кыргызстандык жабыркады. Сүрөт

195
(жаңыланган 16:35 27.09.2020)
Маалым болгондой, аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү. Маселе элчинин жеке көзөмөлүнө алынды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Россиянын Москва облусундагы "ФМ Сидорово" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, Кыргызстандын 49 жараны жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жабыркаган мекендештердин ичинен төртөөнүн абалы оор, каза болгондор жок.

"Кырсыктан жабыркагандар Ступинский ооруканасына жеткирилген. Учурда окуя болгон жерде Россиянын ӨКМ, прокуратура, Тез жардам кызматы, тергөө комитети жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү иш алып барууда. Жеринде Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен ИИМдин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери КР жарандарына ар тараптан колдоо көрсөтүү үчүн жүрүшөт", — деп айтылат маалыматта.

​Маалым болгондой, аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү. Алардын баарында тең медициналык жана башка камсыздандыруусу жок болуп чыкты. Элчилик жабыркаган кыргызстандыктарга материалдык компенсация төлөтүп берүү боюнча иштеп жатат. Маселени КРдин Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алды.

РИА Новости кабарлагандай, көпүрө инженердик коммуникацияга кулаган. 

195
Белгилер:
кырсык, көпүрө, жаран, Россия
Тема боюнча
Кулаган учактан аман калган курсанттын атасы: мен дагы үч жолу кырсыктагам