Кытай: оюнчук талаша кеткен балдардын аталары жапырт мушташа кетишти

Жазылуу
Окуядан эч ким деле жабыркаган эмес

Кытайда оюнчук талаша кеткен балдарына болушкан аталар бири-бири менен мушташа кетишкен. Бул тууралуу The Daily Mail жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Шэньчжэн шаарында болгон.

Тасмада эркектер оюн талаасында жакалашып кеткени көрүнүп турат. Аларга бири-бирин чачтан алган эки аял кошулуп кеткен.

Көңүл ачуучу жайдын күзөт кызматы ата-энелерди тынчтандырышкан. Мушташтан эч ким олуттуу жаракат алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0