Эрдоган Түркия Евробиримдикке кирүүгө кызыкдар эместигин айтты

© REUTERS / Yasin Bulbul / Presidential PalaceТүркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган. Архив
Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр Түркия Европага келген мигранттардын санын азайтууга көмөктөшөт деген шарт коюлуп, сүйлөшүүлөр жанданганы менен муз ордунан жыла элек

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган алардын Евробиримдикке мүчө болууга муктаж эместигин жана бул жааттагы сүйлөшүүлөрдү токтотууга даяр экенин жар салды. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

"Евробиримдик бизди күтүүгө мажбурлады. Чыдап эле келе жатабыз. Ошондой эле чынчыл болсоңор билдирүү жасагыла да, муну бүтүрөбүз. Биз силерге муктаж эмеспиз", — деп айткан Эрдоган Анкарада сүйлөп жатып.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Украина лидери Петр Порошенко менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Порошенко менен маалымат жыйында отурган Эрдогандын көзү илинип кетти. Видео
Түркия 1963-жылы Ервобиримдик (ЕБ) менен ассоциация болуу туурасындагы макулдашууга кол коюп, 1987-жылы мүчө болууга арыз берген. Анткен менен сүйлөшүүлөр 2005-жылы гана башталып, пикир келишпестиктердин айынан бир нече ирет токтоп калган. Азыр сүйлөшүүлөр боюнча досьенин 35 беренесинин 16сы ачык турат. Былтыр Брюссель шаарында Түркия Европага келген мигранттардын санын азайтууга көмөктөшөт деген шарт менен сүйлөшүүлөр жанданган.

Аталган өлкө менен Евробиримдиктин ортосундагы мамиле Түркиядагы төңкөрүш аракеттеринен кийин салкындап кеткен. ЕБ бийликтин жапырт камоолорун жана Анкаранын бул багыттагы башка кадамдарын сындап чыккан. Аны менен катар эле Түркиянын мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотуп койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0