Байыркы Египеттеги Абу-Симбелди реставрациялоого 1,4 млн доллар кетти

© AP Photo / Ibrahim ZayedЕгипеттеги Абу-Симбел храмы. Архив
Египеттеги Абу-Симбел храмы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Египеттеги 2011-жылдагы элдик көтөрүлүшкө чейин туристтердин жумасына 100 миң долларга чукул каражат түшүп турган.

БИШКЕК, 16-окт. – Sputnik. Дүйнөгө белгилүү болгон эстеликтердин бири — Египеттеги Абу-Симбел храмынын реставрациялоого өлкө бийлиги 25 миллион фунт (1,4 млн. доллар) бөлгөн. Бул туурасында РИА Новости "Йоум7" жергиликтүү басылмасына шилтеме кылып кабарлады. 

Абу-Симбел эстеликтери боюнча башкармалыктын жетекчиси Хусам Абуд храмдын маңдай жагын жана шаарчанын негизги көчөлөрү реставрациялангандыгын билдирди.

Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге IV-V кылымдарга таандык делген мумия жерге берилди. - Sputnik Кыргызстан
Баткенде IV-V кылымдарга таандык делген мумия жерге берилди
Абу-Симбел археологиялык комплекси Асуан аймагынан түштүктү көздөй созулуп жатат. Анын эки — чоң жана кичи храмы бар. Алар 3,3 миң жыл мурда фараон Рамзес II менен анын аялы, ханыша Нефертаринин урматына курулган дешет. Алардын ириси башкача долбоорлонгон. Жылына эки ирет 22-октябрь менен 22-февралда таңкы саат алтыда күңүрт коридорго күндүн нуру түшүп, кезек менен башка кудайлары менен фараон Рамзес II статуяларына чачырап жүрүп отурат.

Храмдар көп жылдар бою кумда калган. 1817-жылы италиялык окумуштуу Жовани Бельцони көп жылдан кийин биринчилерден болуп храмдын комплексине кирген.

1964-1968-жылга чейин Асуан ГЭСинин курулушунан улам Абу-Симбелди ЮНЕСКОнун көзөмөлү менен аны суу каптап кетпеши үчүн дарыянын жогору жагына көчүрүүгө туура келген.

Египеттеги 2011-жылдагы элдик көтөрүлүшкө чейин туристтерден жумасына 2 миллион египет фунтуна (100 миң доллар) жакын каражат түшүп турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0