Индонезияда оюнчу менен сүзүшө кеткен дарбазачы каза тапты. Видео

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФутбол. Чемпионат Европы - 2016. Матч Россия - Словакия
Футбол. Чемпионат Европы - 2016. Матч Россия - Словакия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адам өмүрүн алган окуя биринчи таймдын аягында болгон

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Индонезиянын "Персела" клубунун дарбазачысы Чойрул Худа улуттук чемпионат учурунда оюнчу менен кагышып кеткенден кийин каза тапты. Бул тууралуу Goal.com спорт сайты жазып чыкты.

Беттеш "Персела" жана "Семен Паданг" клубдарынын ортосунда болуп жаткан. Адам өмүрүн алган окуя биринчи таймдын аягында болгон. Дарбазачы Худа командасындагы Рамон Родригес жана чабуулчу Марсел Сакраменто менен кагышып кеткен. Ал оор жаракат алып ооруканага бараткан жолдо көз жумган.

​Маалыматка караганда, оюнчунун башы жана мойну жабыркаган.

38 жаштагы Худа 1999-жылдан бери "Персела" клубу үчүн ойноп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0