Россия Түндүк Кореяга каршы санкция киргизди. Путин Жарлыкка кол койду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин встретился с президентом Узбекистана Ш. Мирзиеевым
Президент РФ В. Путин встретился с президентом Узбекистана Ш. Мирзиеевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк Корея дүйнө коомчулугунун нааразылыгына карабай, өзүнүн өзөктүк програмаммасын өнүктүрүүну улантууда

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Россия Түндүк Кореяга каршы санкция киргизгенин РИА Новости жазды.

Президент Владимир Путин БУУнун Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореяга карата кабыл алынган резолюциясын аткаруу боюнча атайын Жарлыкка кол койду.

Анда мамлекет башчысы Түндүк Корея менен илимий-техникалык кызматташууну токтотууга буйрук бергени жазылган.

Түндүк Корея дүйнө коомчулугунун нааразылыгына карабай, өзүнүн өзөктүк програмаммасын өнүктүрүүну улантып келет.

АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Трамп: Түндүк Кореяга сокку урууну каалабайбыз
3-сентябрда аталган өлкөнүн бийлиги континент аралык дагы бир баллистикалык ракетаны кубаттандырган суутек кубаттандыргычты сынагандыгын жар салган. Япония менен Түштүк Кореянын аскерийлери ал кубаттандыргычтын күчү 160 килотоннага жетерин айтышты. Тагыраагы, 1945-жылы Хиросима менен Нагасакиге ташталган атом бомбасынан 10 эсе кубаттуу экендигин аныктап чыгышкан. Бул Пхеньяндын өзөктүк куралдарды алтынчы ирет сынашы болду. Андан бир жума мурда Түндүк Корея сынаган кезектеги баллистикалык ракета Япониянын аймагы аркылуу учуп өткөн.

Мындан улам БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга карата жаңы санкцияларды киргизген. Анда Пхеньяндын экспорт менен импортун чектөө айтылган.

№2375 резолюция БУУнун XXI кылымдагы эң катуу санцияларынын бирин киргизди.

Түндүк Корея термо өзөктүк куралдарды сынагандыгынан улам БУУнун Коопсуздук Кеңешинин киргизген катуу санкцияларына карабай, 15-сентябрда соңку ирет баллистикалык ракетаны кое берген. Ал Хоккайда аралдарынын үстүнөн учуп өтүп, Тынч океандын үстүнө кулаган. Ракетаны сынап жаткандыгы туурасында Пхеньян эч кимге эскерткен эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0