Кытайда унаасы кран алдында калган айдоочу аз жерден калды

Жазылуу
Айдоочу кырсык болгондон кийин машинадан өз алдынча чыгып кеткен

Кытайдын Гуандун провинциясында жолдо кетип бараткан автоунаанын үстүнө кран кулаганын People's Daily China басылмасы билдирди.

Видеодо көрүнгөндөй кулаган кран машинаны ортосунан дээрлик бөлүп салган. Айдоочу аз жерден калган. Бактыга жараша ал эч кандай олуттуу жаракат алган эмес.

Кран эмнеден улам кулаганы тактала элек, полиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0