Москвада кыргызстандык таксист полицияны унаанын капотунда сүйрөп кетти

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы жол кайгуул кызматкери. Архив
Москва шаарындагы жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, шектелүүчүлөр Кыргызстандан барган мигранттар. Алардын унаалары табылып, өздөрү издөлүүдө.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Москва шаарындагы Домодедово аэропортунда полиция кызматкерине документтерин көрсөткүсү келбеген кыргызстандык таксист аны унаасынын капотуна жыгылта сүзүп бир нече метрге сүйрөп кетти. Бул тууралуу ИИМге шилтеме берип РИА Новости жазды.

Кайгуул полициясынын кызматкери таксисттин документтерин текшерүүнү чечкен. Айдоочу анын талабына макул болбой, Honda үлгүсүндөгү унаасына кирип, эшигин бекитип отуруп алган.

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москва: акча үчүн токойдо мекендешин барымтага алган кыргыздар кармалды
"Машинанын кетип калуусуна тоскоолдук жаратыш үчүн полициянын старшинасы унаанын алдына туруп алган. Айдоочу болбой эле унааны айдаганда капотко жыгылып калган полиция кызматкери бир нече метр сүйрөлүп барды. Мындан кийин башка таксист мыйзам бузуучуну кармоого тоскоолдук кылган. Жыйынтыгында эки таксист тең окуя болгон жерден унааларын айдай качышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, шектелүүчүлөр Кыргызстандан экени белгилүү болду. Алардын унаалары табылып, өздөрү изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0