Трамптын маркер менен тарткан сүрөтү аукциондо 16 миң долларга сатылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүГорода мира. Нью-Йорк
Города мира. Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүрөттү АКШнын азыркы ажосу 1995-жылы Флоридада "Мар-а-Лаго" клубунун ачылышында кара маркер менен тарткан.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Нью-Йорктогу Empire State building мунарасынын АКШ президенти Дональд Трамп тарткан эскизи аукциондо 16 миң долларга сатылды. Бул тууралуу РИА Новости Juliens Auctions аукцион үйүнүн маалыматына таянып кабарлады.

"Трамптын Empire State building аттуу сүрөтү 16 миң долларга сатылды", — деп жазылат уюмдун Twitter баракчасында.

​Маалыматка ылайык, сүрөттү АКШнын азыркы ажосу 1995-жылы Флоридада "Мар-а-Лаго" клубунун ачылышында кара маркер менен тарткан. Эскиздин өзүнүн баасы 100 доллар болчу, бирок Juliens Auctions аукцион үйү бул эмгекти 8-12 миң долларга баалаган.

Сатылган сүрөттөн түшкөн акчанын бир бөлүгү Американын National Public Radio аттуу коммерциялык эмес уюмуна жөнөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0