Түркия Германиядан төңкөрүш боюнча 81 адамды берүүнү талап кылды

© REUTERS / OSMAN ORSALТүркиянын желегин кармаган адам. Архив
Түркиянын желегин кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркия талап кылуунун конкреттүү себептерин атаган эмес

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Берлинге кайрылган Анкара Түркияда 2016-жылы июлда болгон мамлекеттик төңкөрүш аракетине тиешеси бар 81 адамды берүүгө сурам жөнөттү. Бул туурасында РИА Новости Spiegel журналына шилтеме кылып кабарлады. 

"2016-жылдын июль айында Түркияда болгон окуяга тиешеси бар деп Анкара кылмышкер катары шектелип жаткан 81 кишини берүүнү талап кылды", — деп жазылган маалыматта.

Түркия талап кылуунун конкреттүү себептерин атаган эмес.

Түркиялык динаятчы Фетхуллах Гүлендин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Түркия Гүлен жана депутаттарды кошкондо 130 кишини жарандыктан ажыратарын айтты
2016-жылдын 16-июлдун түнүндө көтөрүлүшчүлөр Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизги каршылыктар Анкара жана Стамбул шаарларында болгон. Көтөрүлүш токтотулганы менен 240 түрк жараны каза таап, 2 миңден ашык адам жаракат алган. Бул аракеттер катуу күч менен басылган. Түркияда аталган окуядан кийин 50 миң киши камакка алынып, мамлекеттик 140 кызматкер ишинен бошотулган.

Түрк бийлиги төңкөрүш аракетине диний аалым Фетхуллах Гүленди күнөөлөп, АКШдан аны экстрадиция кылууну суранган. Ал эми диний аалым өзү көтөрүлүштү сынга алып, ага тиешеси жок экендигин айтып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0