Аргентинада аял баласынын жанына түшкөн чагылганды видеого тартып алган

Жазылуу
Маалыматка карганда, бала жабыркаган эмес

Аргентинада кол чатыр көтөргөн баланын жанына чагылган түшкөн. Мындай көрүнүштү баланын апасы тасмага түшүрүп, YouTube каналына жүктөгөн.

Чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Америкада чагылган тийген төрт адам аман калды
12 жаштагы баланын апасы Infobae басылмасына айтып бергенине караганда, ал чагылгандан корккон кызынын жанында отурган. Бир маалда анын үй кызматкери баласы жаанда ойноп жатканын айтып келген.

Энеси сыртка чыгып, кол чатыр көтөрүп турган баласын видеого тарта баштаган. Бир маалда баланын жанына чагылган түшүп, аял коркконунан телефонун колунан түшүрүп алган. Ал журналисттерге бала жабыркабагандыгын айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0