Британиялык тележылдыз BBC каналынын сыйлыгын тапшыруу учурунда сахнадан кулап кетти

© AP Photo / Joel RyanБританиялык тележылдыз Жемма Коллинздин архивдик сүрөтү
Британиялык тележылдыз Жемма Коллинздин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күтүлбөгөн бул окуя түз эфир учурунда болуп, тележылдыздын кулаган учуру видеого тартылып калган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Британиялык тележылдыз Жемма Коллинз BBC Radio 1 тарабынан уюштурулган сыйлыкты тапшыруу учурунда сахнадан кулап кеткен.

Анын кулаган учуру тартылган видео дароо интернетке жайылган.

Чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Кытайда түз эфирде сүйлөп жаткан алып баруучуга чагылган тийди
Коллинз мыкты теле-шоу үчүн берилчү Teen Awards сыйлыгынын жеңүүчүсүн айтып, бир кадам алдыга басканда сахнанын полунун ачылганын байкабай ал жакка кулап кеткен. Бул учурда полдон жеңүүчүлөр өйдө көтөрүлүп жаткан.

Mirror басылмасы билдиргендей, 36 жаштагы актриса Коллинз эч кандай олуттуу жаракат алган эмес. Бирок ал сыйлыкты уюштуруучуларга карата сотко кайрыларын билдирген. Анын айтымында, ВВС телеканалы ал менен байланышып же кандайдыр бир жөлөк пул дагы сунуштаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0