Түркия: 20дан ашуун офицер өмүр бою түрмөдө отурмай болду

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАнкара шаары. Архив
Анкара шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул иш боюнча 28 адам суралып, алардын үчөө акталган

БИШКЕК, 28-окт — Sputnik. Анкарадагы түрк соту Жээктеги коргоо кызматынын 25 офицерин Түркиядагы 2016-жылдагы төңкөрүш аракетине катышкандыгы үчүн өмүр бою абакта отурсун деген чечим чыгарды. Бул туурасында РИА Новости Anadolu агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

Соттолгондордун ана башында аталган кызматтын мурдагы жетекчиси Хакан Устем да болду.

Түркиянын желегин кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия Германиядан төңкөрүш боюнча 81 адамды берүүнү талап кылды
Бул иш боюнча 28 адам суралып жатса, сот алардын үчөөсүн актаган.

2016-жылдын 16-июлдун түнүндө көтөрүлүшчүлөр Түркияда төңкөрүш жасоого аракет кылган. Негизги каршылыктар Анкара жана Стамбул шаарларында болгон. Көтөрүлүш токтотулганы менен 240 түрк жараны каза таап, 2 миңден ашык адам жаракат алган. Бул аракеттер катуу күч менен басылган. Түркияда аталган окуядан кийин 50 миң киши камакка алынып, мамлекеттик 140 кызматкер ишинен бошотулган.

Түрк бийлиги төңкөрүш аракетине диний аалым Фетхуллах Гүленди күнөөлөп, АКШдан аны экстрадиция кылууну суранган. Ал эми диний аалым өзү көтөрүлүштү сынга алып, ага тиешеси жок экендигин айтып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0