Путин: кимдир-бирөөлөр россиялыктардын биоматериалын топтоп жатат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүРФ президенти Владимир Путин. Архив
РФ президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия лидери маалыматтар болгондо да Россиянын ар кыл бурчунда жашаган ар кыл эл, түрдүү улуттар боюнча жыйналып жатканын айтты

БИШКЕК, 30-окт — Sputnik. Россияда кандай максат экени түшүнүксүз, бирок ар кыл улуттардын өкүлдөрүнүн биоматериаларды чогултулуп жатат. Мындай маалыматты РФ президенти Владимир Путин Жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укугу боюнча кеңештин жыйынында айткандыгын РИА Новости жазды.

Отурум учурунда Шайлоо укугу боюнча коомдук россиялык институттун жетекчиси Игорь Борисов да маалымат берди. Ал кайсы бир адамдар көзөмөл системасынын жардамы менен белгисиз максатта россия жарандарынын сырткы түспөлү боюнча маалыматтарды топтоп жаткандыгын айтты. 

"Сырткы түспөлү боюнча маалыматтардан сырткары, өлкө боюнча биологиялык материалдар топтолуп жатат. Болгондо да Россиянын ар кыл бурчунда жашаган ар кыл эл, түрдүү улуттар боюнча жыйналууда. Бул эмне үчүн жасалууда? Муну бир максатты коюп, дыкаттык менен жасап жатышат. Биз арбын кызыгууну пайда кылган ушундай объекти экенбиз”, — деди Путин. 

Кремлде өткөн Жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укугу боюнча кеңештин жыйынына Путин жетекчилик кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0